​СOVID-19 илдетин жугузган медиктерге эми 200 миң эмес, 75 миң сомдон төлөнөт

  • 3 года мурун

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында былтыр Өкмөт медиктерге компенсация төлөө тууралуу чечим кабыл алынганда, ооруга чалдыккан кызматкерлердин саны мынчалык көп болоорун болжолдогон эмес.

Ошондой эле компенсация төлөөнүн шарттары да так көрсөтүлбөй калган.

«Менин учурумда эле 1 миң 137 медикке төлөп бердик. Каражат болоор менен дагы 217 медик алат», — деген Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылдын 1 – январынан тартып коронавирус илдетин жугузуп алган медицина кызматкерлери мурдагыдай 200 миң эмес, 75 миң сомдон алаарын кошумчалады.

Министрдин айтымында мындан кийин медиктер ооруну жумуш убагында жугузуп алганын далилдеп бериши керек.

«Кээ бирлери жумуштан жугуздум деп жатышат, биз кайдан билебиз, балким тойдон жуктуруп алгандыр», — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты