​Кыргызстандын жаратылышына ири ѳлчѳмдѳ зыян келтирилгендер аныкталды

  • 3 года мурун

Башкы прокуратура КР мыйзамдарын одоно бузуу менен иш алып барган Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканасы жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Чаткал райондук филиалы мамлекетке ири суммада зыян келтиргенин аныктаган.


«Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба ѳндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурунун наркы Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү белгилеген тартипте, укук ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан тѳлѳнөт.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгѳн текшерүү учурунда, тоо-кен тармагындагы «Ч.З» жабык акционердик коомуна айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын тѳлѳнбѳгѳндүгүнө карабастан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы аталган компанияга ѳндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбѳлүк жана 726 га жер тилкесин берип жиберген.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 624 620 сом деп эсептелинген.

Бирок, Экотехинспекция айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ѳлчѳмү 133 739 682 сом экендигин тактаган.

Ошол себептен, облустук прокуратура тарабынан «Ч.З.» ЖАКна жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы менен биргеликте мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз убагында тѳлѳбѳгѳндүктѳрү жана алынбай калган пайданы ѳндүрүү үчүн сотко доо арыз киргизилген.

Чаткал райондук соту тарабынан доо арыз жарым жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан 103 307 003 сом ѳндүрүү жѳнүндѳ чечим чыккан», — дейт Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты