​Экономикабызды колдоо үчүн Кытай 54 миллион доллар грант берет

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 11-майында Кытайдын Сиан шаарында Кытайдын ТИМ башчысы, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Эки министр эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү боюнча бир катар макулдашууларга жетишишти.

— Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону кеңейтүү,

— «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрүү пунктунун ишин жакшыртуу,

— Товар алмашууну өстүрүү,

— Кыргызстанда гранттык долбоорлорду ишке ашыруу,

— Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу

— Кыргыз Республикасынын КЭРге болгон мамлекеттик карызын төлөө,

— Кыргызстандын экономикасына максаттуу Кытай инвестицияларын тартуу,

— «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү.

Ошондой эле Ван И мырза Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн Кытай мамлекетинин 350 млн. юань же 54 млн. доллар өлчөмүндө грант берүү жөнүндө чечимин жарыялады.

Мындан тышкары, Кытай мамлекеттик тышкы карыз боюнча да кепке келип, пандемия шартында төлөнбөй калган сумманын үстүнө кошумча акы албай турганын билдирди.

Дагы бир жакшы жаңылык, Кытай «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча да аракеттер көрүлөөрүн убада кылды.

Фото КР ТИМдин маалымат кызматынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты