​А. Атамбаевдин «Апрель» каналы эфирге чыгуу укугун алды

  • 3 года мурун

Сооронбай Жээнбеков президент кезинде жабылган «Апрель» телеканалы кайрадан эфирге чыгуу укугун алды.


«Апрель» телеканалынын эфирге чыгуусуна бөгөт коюу өтүнүчүн келтирген Аскердик прокуратуранын арызын Жогорку сот кароосуз калтырды.

Өткөн жылы декбарь айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Аскердик прокуратуранын «Апрель ТВ» ААКсы боюнча доосун канааттандырган эмес. Кийинчирээк бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

«Апрель» телеканалынын олку-солку абалына Жогорку Сот акыркы чекитти коюп, эфирге чыгуусуна уруксат берди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты