​Сот Курманбек Бакиевдин инисине байланыштуу өкүмдү жокко чыгарды

  • 3 года мурун

Жогорку Сот качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевге карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды.


Мындай чечим 27-апрелде кабыл алынган. Кылмыш иши “кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процесстик мыйзам бузууларга, ошондой эле соттордун корутундулары менен иш жүзүндөгү келишимдердин дал келбестигине байланыштуу” деген жүйөө менен Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Бакиев Каныбек Салиевичтин жактоочусунун аны толугу менен актоо тууралуу кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.

Эске салсак, Каныбек Бакиев 2005-жылы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын башчысы болуп турганда Жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы катары жер тилкелери мыйзамсыз берип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Ошондой эле 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча да ага карата кылмыш иши козголгон.

2020-жылдын март айында Жалал-Абад шаардык соту аны «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан.

Экинчи инстанциядагы сот 2020-жылдын декабрында бул өкүмдү өзгөртүп, Каныбек Бакиевге 4 миллион сом айып пул салган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты