«Кумтөрдүн» чет элдик кызматкерлери өлкөдөн чыккан жок
- 3 года мурун
Тоо-кенчилер кесиптик бирлигинин төрагасы Элдияр Тажибаев «Кумтөр» ишканасынын чет элдик жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин айткан.
Компаниянын маалымат кызматы бул туура эмес маалымат экенин айтып:
«Эпидемиологиялык абалдын начарлашынан улам, чет элдик кызматкерлер шахтадан түшүп, Бишкектеги лабораторияларда ИФА-тест тапшырышууда. Алар Кыргызстандан эч жакка чыгышкан жок. Тесттин жыйынтыгын алгандан кийин, кетеби, кетпейби өздүрү чечет», — деп билдирди.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү