​Коомдук байкоочулар Боршайкомду сотко берди

  • 3 года мурун

«Клооп Медиа» фондунун байкоочуларынын айтымында 11 –апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда өтө көп мыйзам бузуулар катталган.


«БШК 130дан ашуун протоколдорду жарыялаган. Биз андагы сандардын өзгөртүлгөнүн аныктадык. Анткени шайлоо күнү байкоочуларыбыз ошол эле участоктордун протоколдорун сүрөткө тартып алышкан»,-дейт «Клооп Медианын» байкоочулары.

Буга чейин аталган фонд арыз менен Бишкек административдик сотуна кайрылган. Сот БШКнын пайдасына чечим чыгарып, «Клооп Медианын» доосун канааттандырган эмес.

Алар кассациялык негизде Жогорку Сотко кайрылышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты