​Гүлшара Орозбакова: «Биргеликте көп нерсени ишке ашыра алабыз»

Жымжырттыкты жана сулуулукту кайдан аларыңызды билесизби? Мындай жерлер Кыргызстандын аймагында көп болушу мүмкүн. Бирок мүмкүн болушунча таасирленип, тынчтыкты угуп, булут каптап мелмилдеген көл бетин көрүү үчүн сөзсүз түрдө Каракол шаарынан 48 км алыстыкта жайгашкан Түп районундагы Сары-Булуңга кайрылыщыңыз керек болот. Мындай мыкты тажырыйбаны, таасирди бизге Каракол шаарынын активисти Гүлшара Орозбакова октябрь айында берген эле. Биз ал адам менен Сары-Булуңдун мектебине келип түшкөндө, ал жактагы жергиликтүү тургундар музей-корук, мектептеги көптөгөн ийрим жана ошол аймактын жаратылышын коргоо боюнча долбоорлору сыяктуу бир катар ийгиликтерин сыймыктануу менен айтып бериш үчүн күтүп турушкан эле. Биз музейден баштадык. Гүлшара Орозбакова айылдын тарыхы тууралуу айтып берди.




























Гүлшара Садыровна пенсияга чыгып, балдарын жана неберелерин карап үйдө отура берсе деле болмок. Бирок совет мезгилинде калыптанган табияты, мүнөзү жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгү үйдө отурууга жол бербей аны медициналык практикадан бейөкмөт секторго алып келди. Ал айлана-чөйрөнү коргоо жана салттуу мурастарды сактоого болгон багытты көлдүн жээгинде өткөн балалыгынан баштап алган.

Ал Ысык-Көлдүн тоо этектер+инде чоңойгон. Өзүнүн Каркыра жайлоосундагы өткөн балалыгын, кооз жерлерин жана өсүмдүктөрүн мындайча эскерет: «Төшөктөрдү (адамдар салынып отуруу үчүн ичине жүн салынып, сыртынан кездеме менен капталган салттуу буюм) гүлдөргө жана чөптөргө жайганда, мен аларды өлтүрүп жатабыз деп ыйлаганымды апам айтып берет. Ошондо эле мен жаратылышка жана экология темасына жакын экенмин». Пржевальск шаарына келип, алгач мектепте мыкты болуп, андан соң медициналык институтка тапшырып, ал өзүнүн лидерлик сапаттарын, өжөрлүгүн жана акылдуулугун көрсөтүүгө жетишет. 29 жашында эле ал клиниканын башчысы, кийинчерээк Облустук саламаттыкты сактоо департаментинин башкы терапевти болгон. 1994-жылы Кыргызстанда медициналык билим берүү реформалары башталат. Гүлшара Орозбакова сегиз катышуучу менен биргеликте сынактык тандоодон өтүп, үй-бүлөлүк медицина тармагында эки жыл терең билим алды. Андан кийин ал ушул тажрыйбасын башка дарыгерлер менен бөлүшүү үчүн Кыргызстандын аймактарына, ал тургай Казакстанга чейин барып келген. Гүлшара Орозбакова 2000-жылдардан бери облустун медайымдарын, фельдшерлерин жана дарыгерлерин окутуп, алардын квалификациясын жогорулатып турган КСМИПиКтин Ысык-Көлдөгү бөлүмүн жетектеп келген. «Мен өз ишимди жакшы билем, жакшы тажрыйбам жана практикам бар. Кээде мага тамашалап Ысык-Көл облусунда үй-бүлөлүк медицинанын атасы да, энеси да экенимди айтып калышат» — деп күлүп калат, Гүлшара эже.

Балдар чоңоюп Бишкекке кеткенде, Гүлшара-эже Караколдо күйөөсү менен жалгыз калган. Бул учурлары тууралуу: … «Мага өзүмдү таанып билүүм керек болчу, үйдө эле отургум келбей, өз ишмердүүлүгүмдү «Гармония +» бейөкмөт уюмун ачуудан баштадым. Жолдошум мени аябай колдойт, мени Сары-Булуңга алып келип турат жана жалпысынан жардам берет, ошондуктан иш жүрүп жатат. Каалоо болсо, бардыгы орундалат. Ал эми жаштарга аракет эле кылсаңыз, бардыгы ойдогудай болот дейт элем. Алдыга максат коюп, ага жетүүгө аракет кылгыла. Мага өз ишим аябай жагат, айыл тургундарынан келип түшкөн кайтарым байланыштан моралдык канааттануу алам жана бул сый-урматка жана ыраазычылыкка кубанам », — деген оюн айтат, Гүлшара эже.

Сары-Булуң уникалдуу аймакта жайгашкан. Археологиялык экспедициялардын натыйжасында Усун доорундагы байыркы Чигу шаарынын калдыктары табылды. Ысык-Көлдүн түбүнө чөгүп кеткен бир нече байыркы калктуу конуштар ошол кездеги идиш-аяк, турмуш-тиричилик буюмдар түрүндө табылган. Бул табылгалардын негизги бөлүгү борбор калаага, ал тургай Эрмитажга чейин жеткирилген. Бирок шаар тургундарынын жана жергиликтүү тарых мугалиминин аракети менен эстелик жана карапа идиштердин сыныктары түрүндөгү чакан экспонаттар, коло буюмдар, булгаары, тыйын жана сүрөттөр мектеп музейинде сакталып калган. Гүлшара Орозбакова жана анын “Гармония +” уюму жергиликтүү бийлик, мектептер жана тургундар менен биргеликте мугалим Каныбек Иманалиевдин идеясын колдоп, мектеп музейин уюштура алышты. 900 түтүндөн турган айыл үчүн бул чакан долбоорлор жергиликтүү биологиялык жана маданий ар түрдүүлүктү сактоо жана бул процессте жергиликтүү тургундардын активдүү катышуусу жагынан чоң мааниге ээ.

Түп булуңу — сууда сүзүүчү куштардын байырлаган жайы жана кыштай турган жери. Алардын 126дан ашык түрү бар. Анын ичинен 67 түрү уя салат жана 59 түрү мезгилдүү миграция мезгилинде кездешет. Ар кайсы жылдары көлдө 50дөн 100 миңге чейин 33 түр канаттуу кыштайт. Жээкте ак куулар, адатта, дудук жана кар күрткүсү, боз турналар, жапайы балыктар, фламинголор, карчыгалар, тоо, гоголь, пинтаил, малярд ж.б. учурайт. Түп булуңу Рамсар конвенциясы боюнча саздак жерлердин тизмесине киргизилген. Ал жер эл аралык мааниге ээ болуп, негизинен суу канаттууларынын жашоо чөйрөсү катары саналат жана алар үчүн экологияны сактоо маанилүү болуп эсептелет. Бул аймакты браконьерлер, экзотиканы сүйгөндөр жакшы көрүшөт. Жергиликтүү тургундар жээктеги жайыттарды интенсивдүү пайдалангандыктан ал жактагы биочөйрө деградацияга учуроодо. Адамдар бадалдарды отун катары пайдаланышынын натыйжасы көчүп жүргөн канаттуулардын барган сайын азайышына алып келүүдө. «Биз өз ишибизди 5 жыл мурун көйгөйлөрдү маалымдоо жана талкуулоо менен баштап, аймактын тарыхый жана табигый мурастарын сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтканбыз. Биринчи жылдары элдер түшүнгөн жок, бирок жергиликтүү тургундар өз ишинин натыйжаларын көрө баштаганда, биздин демилгелерди колдой башташты. Бара-бара жергиликтүү бийлик, депутаттар, мектептер жана коомчулук менен биргеликте бир нече долбоорлорду ишке ашырдык. Биз биргеликте, көчүп жүргөн канаттууларды, ошондой эле браконьерлердин кыймылын байкаганга жардам берген жана браконьерликтин алдын алууга жардам берген байкоочу мунара орноттук. Мектептин ичинде эко-отряд түзүп, 2018-жылы музей-корукту ачтык.

Гүлшара-эже бизди мектепте күтүп отурган эле. Ал жерде балдар башталгыч класстын мугалими Айнура Төрөгелдиева менен биргеликте чакан концерт даярдашыптыр. Алар өткөн жылы комуз ийримин жаңыдан ишке киргизе баштагандыгын билдик. Эми кыздар комузда эркин кол ойнотушуп, Атай Огонбаев менен Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын үйрөнүүгө аракет кылып жатышкан экен. Мындан тышкары мектепте биотүрдүүлүктүн хобби тобу жана жакында эле ачылып, Үмүт Итикеева жетекчилик кылган кийиз жасоо хобби тобу бар. Натыйжада жаратылыш менен маданиятка байланыштуу баалуулуктар, салттуу билимдер тажрыйба алмашуу жана муундар ортосунда пикир алышуу аркылуу жанданат.

Бир нече жылдан бери «Гармония +» фонду жергиликтүү калкты активдештирүүгө жардам берип, биргелешкен аракеттердин натыйжасында мектептер, шаар тургундары, жергиликтүү бийлик жана депутаттар чогулуп, жергиликтүү көйгөйлөрдү талкуулап, чече турган коомдук аянтчаны түзө алышты.

«Жеке биз ийгиликке жете алмак эмеспиз, ар бир адам өз салымын кошот, анын натыйжасында биз оң натыйжаларды көрөбүз. Бирок бул башталышы гана, бул аймактын уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн дагы көптөгөн иштерди жасоо керек» — деген оюн билдирет, Гүлшара эже.

Ушул биргелешкен долбоорлордун акыркысы ОФ “ИСУР” колдоосунда ашар ыкмасы менен ишке ашырылды. Мында булактын айланасы тазаланып, анын натыйжасында жайыттарга суу ташылып, лотоктор орнотулуп, сугат арыктары ачылып, андан сырткары дагы бир булак тазаланды. Айылда суу жана жердин деградациясы боюнча чоң көйгөй бар. Айылдын ишмердүүлүгүндө негизги киреше булагы – мал чарбачылыгы. Гүлшара эженин демилгесине айыл башчысы Таалай Жидебаев ыраазычылыгын билдирди. Анткени, учурда айылга жакын 211 гектар жайлоодо малын жайып жүргөндөрдүн бардыгы суу менен камсыз болушту. «Биз көптөн бери чогуу иштешип келе жатабыз жана бул демилге кызматташтыктын мисалдарынын бири болуп саналат. Биз мектеп менен дагы тыгыз кызматташабыз. 2 гектар жер аянтын мектептин аймагын өнүктүрүү үчүн бөлүп бердик» — дейт, айыл башчы.

Айыл тургундары айылдын айланасын жапайы жаратылыштын коругуна айлантууну пландаштырышат. Бул иш-аракеттер жерди жана жергиликтүү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жардам берет. Жергиликтүү тургундар этноэкологиялык туризмди өнүктүрүүнү пландаштырууда. Бул браконьерлерди кызыктырбайт. Ал эми туристтер булуңдун жаратылышына жана тарыхына кайдыгер карабайт. «Гармония +» Фонду аймактын музейи жана жаратылышы жөнүндө китепчелерди чыгарды. Эми коомдук туризмди акырындык менен өнүктүрүү пландары бар.

Жыйынтыгында Гүлшара Орозбакова: «Жергиликтүү кеңештин деңгээлинде жапайы жаратылыштын коругун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынары менен, бул жергиликтүү тургундарга өздөрүнүн уникалдуу табигый мурастарын коргоо жана башкаруу боюнча бардык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Качан гана биз бардыгын чогуу жасаган кезде, инвестициялар агылып келе баштайт жана натыйжасы тез боло баштайт», — деген пикирин билдирет.

Сүрөттүн автору : Тынымгүл Эшиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты