​Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көбөйүп, бирок кошумча төлөмдөрү жоюлган

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген медиктердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100 пайыз көбөйөрүн айткан.


Бирок, айрым медиктер тескерсинче айлык акылары 5000-6000 миң сомго азайганын айтып, нааразы болушууда.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева түшүндүрмө берген.

Анын айтымында айлык 100 пайыз көбөйүп, бирок кошумча акы төлөмдөрү жоюлган.

«Эгер мурун отчетторду так жазып, индикаторлордун баарын аткарышса, бир айлык маянасы 22 миң сомго чейин жетчү. Баары эле ошончо алып жүргөн деп түшүнбөгүлө. Жакшы иштегендери гана алчу. Мындан ары айлык көбөйүп, орточо эсептегенде 17 миң сом алышат», — дейт Клара Өскөмбаева.

Президент Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тармактагы коррупцияны жоюп, ошонун эсебинен медиктердин айлык акысын көбөйтүп жатканын айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты