​Өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды

  • 3 года мурун

Өкмөттүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылды:

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аман Наматов – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
— Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
— Сатыбалды Мамбеталиевге – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты