​Виктория Мозгачева кайрадан Бишкекке вице-мэр болду

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Айжан Чыныбаева Бишкек шаардык мэриясынын социалдык саясат боюнча вице-мэрлик кызматтан бошотулду. Буга чейин Айжан Чыныбаева мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун жүргүзүп жаткан саясаты менен макул эместигин билдирип, кызматтан кеткенин жар салган.

Анын ордуна, Бишкек шаардык мэриясынын социалдык саясат боюнча вице-мэплик кызматына Виктория Мозгачёва дайындалды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Виктория Мозгачева 2020-жылдын июль айында вице-мэрликке дайындалып, кайра күзүндө кызматтан кеткен.

Буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты