​Башкы прокуратура тажик генералына иш козгоду

  • 3 года мурун

Тажик милициясынын генерал-майору Хуршед Изатулло Мухаммадзода чек ара жаңжалы учурунда Лейлек районунун Максат айылында жүргөн.


«Менин эркин Тажикстаным» You тube каналына жарыяланган видео тасмада анын куралчан тажик укук коргоо органдары менен кыргыз айылдарын аралап жүргөнүн байкоого болот.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы үн катып, Хуршед Изатулло Мухаммадзоданын аракеттерине укуктук баа берилерин билдирди.

«Учурда «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси боюнча сотко чейинки иш козголду. Тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат. Бул кылмыш ишинин алкагында тажик милициясынын аракетине укуктук баа берилет», — дейт Башкы прокуратурадан.

Аталган видео тасма боюнча «Политклиника» медиасы фактчекинг уюштуруп, Тажикстандын аскерлери жана генералы Лейлек районундагы Максат айылына келгени чындык экенин аныктаган.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты