​Медициналык мекеме жетекчилеринин массалык кызматтан алынышынын себебин министр түшүндүрдү

  • 3 года мурун

Бүгүн Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Жамалбек Ашимов кызматтан кеткени белгилүү болду. Андан мурун дагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы улуттук борборлордун бир нече директорлору кызматтан алынган.


Медициналык мекеме жетекчилеринин мындай массалык кызматтан алынышын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ал жактагы коррупциялык булактарды бууп салганы менен түшүндүрдү.

«Мен эч кимге кысым көрсөткөн жокмун, бирок аларга акча табууга мүмкүнчүлүк бербейм. Арызын жазып кетип жатышат. Жалгыз айлыкка ким иштейт? Акча табуунун көптөгөн жолдору бар: тендерлер, атайын эсептер жана башкалар. Мен ооруканада иштедим, баарын билем. Көпчүлүк адамдар менин министр болгонума нааразы», — дейт министр.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев жакын арада социалдык коргоо жаатында да реформаны баштаарын айтты.

Уу коргошун чуусунан кийин парламент депутаттарынын чакыруусунан баш тартып, аларды тоготпогон мамилесинен улам, Жогорку Кеңештин 81 депутатынын добушу менен аны кызматтан алуу тууралуу токтом кабыл алынган.

Бирок 5-майда Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, министрлер кабинетин кураганда Алымкадыр Бейшеналиевди ордунда калтырып койгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты