КСДПнын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралат

КСДПнын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралат

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) январдын аягында кезектеги курултайга чогулуп, партиянын төрагасы шайланат.

Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер — экс-президент Алмазбек Атамбаев каралып жатканын КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдирди.

— КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир — ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок.

КСДП — Кыргызстандагы бийликтин партиясы. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде ага парламенттин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков жана Фарид Ниязов жетекчилик кылышкан. Бирок Турсунбеков да, Ниязов да партиянын төрагасы болгон эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты