​Ат-Башыда 30 медик ишсиз калды

  • 3 года мурун

«Турмуш» маалымат булагынын кабарлаганына караганда, Нарын облусунун Ат-Башы районунда штаттык бирдиктин кыскарышынан 30 медайым жумушсуз калган.


Райондогу жалпы медициналык практика борборунун директору Илим Бейшеналиевдин айтымында Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен райондук оорукана бириктирилип, жалпы дарыгерлер борбору түзүлгөн. Дал ушул биригүүнүн натыйжасында кызматкерлердин штаттык бирдиги кыскарган.

«Кыскартуу иштери республиканын бардык медициналык мекемелеринде жүргүзүлүүдө. Район боюнча 30 дарыгер жумуштан бошотулду. Башка райондордо кызматкерлердин саны 5тен ашып кетсе кыскартышат. Биздин райондо медайымдар көп», — дейт Илим Бейшеналиев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты