​Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек ара чатагын да талкуулашкан

  • 3 года мурун

Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун 8-майдагы Россияга болгон сапары учурунда орус президенти Владимир Путин менен кыргыз-тажик чек ара жаңжалы да талкууга алынган.


Бул тууралуу тажик президентинин расмий сайты кабарлады.

«Афганистандагы кырдаалдан тышкары, тараптар башка аймактык маселелерге дагы көңүл бурушту. Эмомали Рахмон ушул жылдын 29-апрелиндеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуяларга токтолуп, Тажикстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү сүйлөшүүлөр жана тынчтык жолу менен гана чечүү боюнча бекем позициясын баса белгиледи», — деп билдирген Эмомали Рахмондун басма сөз кызматы.

Ал эми Россия президентинин маалымат кызматы кыргыз-тажик чек ара чатагы тууралуу эч нерсе жазган эмес.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты