Кыргыз-тажик милициясынан турган биргелешкен кайгуул күзөттөрү уюштурулду

  • 3 года мурун

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Бактен обулсунда иш сапары менен жүрөт.

Ал Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Абдулло Навжувонов менен дагы жолугушууларды өткөрдү.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактарда абалды турукташтыруу, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө, коомдук тартипти биргелешип сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу максатында өз ара макулдашууларга жетишишти.

Учурда абал туруктуу. Баткен облусундагы абал толугу менен көзөмөлгө алынып, 52 ыкчам-тергөө топтору бардык талкаланган жайларды карап чыгууну аяктап, келтирилген чыгымдардын да эсебин тактоого киришти. Ал эми милиция менен ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрүнүн коомдук тартипти сактоо багытында биргелешкен кайгуул топтору өз ишмердүүлүгун улантууда.

Фото ИИМдин маалымат кызматынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты