​Путин Рахмон жолугушуусу жана кыргыз-орус башчыларынын телефондук сүйлөшүүсү пландалбаганы тууралуу

  • 3 года мурун

8-май күнү Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон Россияга иш сапары менен барып, орус президенти Владимир Путин менен жолукту.


Алар эки тараптуу кызматташтык маселелерине токтолуп, Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышына байланыштуу, тажик-афган чек арасынынын бекемеделиши тууралуу кеп козгошту.

Афганистандагы кырдаал боюнча тажик бийлигинин тынчысыздануусун туура түшүнөөрүн айткан Путин ал жактагы орусиялык 201-аскердик базасын чыңдап, Тажикстанга аскердик жардам көрсөтөөрүн кошумчалады.

«Биз Тажикстандагы орусиялык аскердик базаны жана тажик куралдуу күчтөрүн чыңдоо үчүн иштеп жатабыз. Бул жаатта биргелешкен иштерибиз, бир нече жылга арналган бүтүндөй программа бар жана анын өз убагында аткарылышы үчүн биз бардыгын жасайбыз», — деди Путин.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан улам, эки президенттин жолугушуусунан кийин Владимир Путиндин кыргыз кесиптеши Садыр Жапаров менен телефондук сүйлөшүүсү пландалганбы деген суроого орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков: «Азырынча графикте каралган эмес», — деп жооп берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты