​Өкмөт: Ходжаи Аъло–Ворух жолунун курулушу тажик тарапка коридор берүү дегенди билдирбейт

  • 3 года мурун

Өкмөт 7-майда кыргызтажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптуу протокол боюнча түшүндүрмө жарыялады.


Билдирүүгө караганда, «Ходжаи Аъло – Ворух» автомобиль жолу Баткен районунун факт жүзүндө пайдаланылуучу жерлеринде биргеликте курулат. Аталган автожолдун курулушу жана ишке берилиши эки өлкө ортосундагы өз алдынча мамлекеттер аралык келишимге кол коюлган соң гана ишке ашырылат.

Ошол эле учурда автожолдун курулушу Баткен районунун аймагы боюнча тажик тарапка коридор берүүнү түшүндүрбөйт.

Мындан тышкары 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектеп бөлүү жана 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдары Лейлек районунун аймагында жайгашкан №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейинки тилкесин жана Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын аймагында жайгашкан № 135 чек ара чекитинен № 141 чек ара чекитине чейинки тилкесин гана жазууга пайдаланылат.

Эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусундагы макулдашууга ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курат. Кыргызстандын Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтүүчү жолду тажик тарап оңдоп-түзөп, колдонот.

Капчыгай айылы Ворух анклавы менен чектешкен Ак-Сай айылынын чыгыш тарабындагы Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан. Тараптар Ворух анклавынын чегин бул жол курулуп бүткөндөн кийин такташууну сүйлөшкөн.

Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

28-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чегинде чыккан соңку жаңжалдан Кыргызстандын 36 жараны курман болуп, 180ден көбү жараат алды.

Душанбе 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты