​Ташкул Керексизов дүйнө салды

  • 3 года мурун

Белгилүү меценат жана ишкер, «Рух Ордо» жана «Аалам ордо» маданий борборлорунун негиздөөчүсү Ташкул Керексизов 73 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маалыматты маркумдун туугандары тастыкташты.

Маалыматтарга караганда Ташкул Керексизов Бишкектеги жугуштуу дарттар ооруканасында дарыланып жаткан.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Райондук акимчиликтеги кызматкерден тартып президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Талас облусунун губернатору, мамлекеттик мүлк фондунун, бажы кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Ал эл аралык көркөм академиясынын академиги, III даражадагы «Манас» орденинин ээси. Ысык-Көлдүн жээгинде «Рух Ордо» комплексинен тышкары «Аалам Ордо» маданий борборун негиздеп, ал долбоор аягына чыга элек болчу.

Маалым болгондой, ал ооруп, республикалык жугуштуу дарттар клиникалык ооруканасында жаткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртен, 8-майда «Ала-Арча» көрүстөнүндө болот.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты