​Садыр Жапаров:«Кыргыз – түрк мамилелери эң жогорку деңгээлде болот деп ишенем»

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров түркиялык TRT-Avaz телеканалына берген маегинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакасынын келечеги тууралуу айткан. Тагыраагы кыргыз-түрк мамилелери боюнча Садыр Жапаров:


«Түркия менен Кыргызстан илгертен бери бир туугандык мамиледе болуп келген. Бул эч кимге жашыруун эмес. Муну түрк элдери дагы, кыргыз эли дагы билет. Менин билишимче, акыркы төрт-беш жылда мамилелер солгундап кетти. Бул биздин жетекчилик орус-түрк иштерине кийлигише коюп, өзүнүн туура эмес позициясын көрсөтүп алгандан кийин болду. Келечекте Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер эң жогорку деңгээлде болот деп ишенем»,- — деген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кармашта биздин стратегиялык өнөктөшүбүз делинген Россиянын кыргыз тарапка жасаган салкын мамилесинен улам кыргыз коомунда бир топ таарынчтар жаралган. Тилибиз, динибиз бир Түркияга ыктайлы деп, пантүркисттик идеяны колдогондордун үнү катуураак чыга баштаган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты