Журналист Канат Каниметовго «майда бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

«Апрель» телеканаланын журналисти Канат Каниметов өзүнө карата 119 — «майда бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.


«Буга чейин Балыкчыдагы 12 жыл мурун жашап кеткен үйүмө милиция кызматкерлери келип, менин туугандарымды, кошуналарымды суракка алышкан. Бүгүн мага карата иш козголгонун угуп таң калып атам. Акыркы жолу 10-классымда мушташсам керек. Анда да таяк жеп калгам», — дейт Канат Каниметов.

Канат Каниметовго карата милиция кызматкерлери тарабынан кысымды токтотуу талабы менен жакында эле CJP — Журналисттерди коргоо комитети билдирүү жасаган.

Алар милиция кызматкерлери журналистти эмне себептен издеп жатканын сурап, расмий кат жөнөттүшкөн. ИИМдин экстремизге каршы күрөшүү кызматы «К.Каниметовго каршы «майда бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. Ошол себептен издеп жатабыз» — деген жообун берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты