​Алмаз Абеков эркиндикке чыкты

Жаңылыктар

«Мегаком» компаниясындагы коррупциялык схемаларды уюштурган деп

2012 – жылдан бери абакта жаткан Алмаз Абеков эркиндикке чыкты.


«Мегакомдун» башчысынын мурдагы кеңешчиси болгон Алмаз Абеков жана

ошол кездеги компаниянын топ-менеджерлери мамлекетке 140 миллион сом чыгым

келтиришкен деген күнөө менен камакка алынышкан.


2016 – жылы Жогорку Сот Алмаз Абековду 25 жылга эркинен

ажыраткан. Бирок 2019-жылы ишин кайра карап, жаза мөөнөтүн 15 жылга кыскарткан.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын № 8 колониясында мөөнөтүн өтөп жаткан ал мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан.


Фото интернеттен алынды