​Галина Байтерек Президенттин Баткенге болгон сапары пиар же публика үчүн болбогонун айтты

  • 3 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарындагы эл менен жолугушуусу пиар үчүн же публика үчүн болбогонун айтты.


Були ш сапарды чагылдырууга мамлекеттик телеканалдан башка бир дагы ММК өкүлдөрү чакырылбаганы коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан.

Бул Галина Байтерек «Фейсбук» баракчасы аркылуу бул боюнча жалпыга жооп берип, Садыр Жапаровдун Баткенге бараары чукул чечилгенин, анын үстүнө элдин кайгы капа, эмоциясын камера аркылуу жалпы журтка жарыялоонун зарылчылыгы жок болгонун айтты.

Президенттин Максат айылында эл менен жолугушуусунда кыргыз-тажик чек ара тилкелери боюнча акыркы протоколдун чоо – жайын сураган Кулунду айылынын тургуну Садыр Саматовдун суроосуна Садыр Жапаров аны провокатор деп жооп кайтарганы интернет желесине жайылып кеткен.

Бул боюнча да Галина Байтерек:

«Жалпысынан сапар абдан маанилүү, керектүү жана жемиштүү болду. Чын ниеттен сөздөр ачык айтылды. Тилекке каршы, жолугушуунун жүрүшүндө түшүнбөстүктөр болуп кетти.

Белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты. Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү.

Азыр «хайп» кыла турган убак эмес, учурдагы эң маанилүү маселе — чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалды бирото кайталанбашы үчүн бардыгына аракет кылуу», — деп жооп берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты