​«Ала качуу» боюнча — 12,5 жыл, «Үй бүлөлүк зомбулук» боюнча 2,5 жыл эркинен ажыратуу каралууда

  • 3 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Кыз ала качуу» беренеси
катаалдаштырылып, 7 жылдан 12,5 жылга чейин эркинен аыратуу каралып жатканын
айтты.


Ошондой «Үй бүлөлүк зомбулук» беренеси Жоруктар кодексинен Кылмыш
кодексине которулуп, үй бүлө мүчөлөрүнө зомбулук кылгандар азыркыдай айып пул
менен кутула албай калышат.

«Үй бүлөлүк зомбулук» менен соттолгондор 2,5 жылга чейин эркинен
ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми «бейбаштык» беренеси гумандаштырылып, массалык мушташка
катышкандар азыр 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылса, жаңы мыйзамдар
боюнча 2,5 – 5 жылга чейин мөөнөт каралган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты