​13 — май күнү Орозо айт майрамы

  • 3 года мурун

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.


«Шарият боюнча рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла”- деп буйруган. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнүн Орозо айт майрамы деп белгиледи.

Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн», — дейт КМДБнын маалымат кызматы.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты