​Мадинанын коңшулары: Ок атуу токтобой, жарадарларды алып чыгуу оор болду

29-апрелде тажик аскерлеринин карапайым жашоочуларга күтүүсүз миномет менен кол салуусу учурунда Лейлек районунун Интернационал айылынын 12 жаштагы тургуну Мадина Рахматжанова да курман болгон. Ошол учурдагы окуя күбөлөрдүн көзү менен.

Али Токтакунов МедиаХабынын» кызматкери, режиссер Болсунбек Таалайбек чек ара жаңжалында каза болгон 12 жаштагы Мадинанын кошуналары менен маектешти.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты