​Жаңы мыйзам боюнча «Кумтөрдү» өзүбүз башкарышыбыз мүмкүн

  • 3 года мурун

6 — май күнү Жогорку Кеңештин депутаттары «Корпоративдик башкаруу тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алып беришти.


Демилгечилер Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбековдун айтымында, аталган мыйзам иштей баштаганда, концессионер өзүнө алган милдеттерди аткарбай, калктын өмүрүнө, ден-соолугуна же айлана-чөйрөгө реалдуу коркунуч туудурган жагдай жаралса, ал коомдун административдик-чарбалык ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кийлигишүүсүнө уруксат берилет.

Аталган мыйзам долбоору атайын «Кумтөр» ишканасы үчүн жазылганын, эгерде бул мыйзамды «Кумтөргө» карата колдонсок, дүйнөлүк деңгээлде рейдер атыкпайбызбы деген Дастан Бекешовдун суроосуна Акылбек Жапаров:

«Эл аралык деңгээлде кандай реакция болоорун билбейбиз, бирок биздин мыйзамдарга ылайык, биз өзүбүз мыйзамдарды кабыл алып, аларды жүзөгө ашырууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бүгүн компания тарабынан экологиябызга 3 миллиард 200 миллион доллар чыгым келгенин сот карап жатат. Мындан тышкары 19 адам каза болду. Бардык ишти акча берип, жаап салышкан. Бир катар кылмыштар боюнча иштер кайра козголду», — деди.

Бул боюнча Дастан Бекешов «Твиттердеги» баракчасына:

«Мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо дегенди унуткула. Бүгүн алар мыйзам долбоорун алып келип, каттоодон өткөрүп, сурамжылоо жолу менен комитеттин чечимине кол коюп, отурумда үч окууда кабыл алып салышты. Орто жолдо дагы редакциялашты, өзгөрүштү, оңдошту. Бул Кумтөрдү тышкы башкаруу боюнча мыйзам долбоору» — деп жазган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты