​ИИМ: Чек арада абал туруктуу

  • 3 года мурун

7-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок.

Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруучулук иштерге өзгөчө көңүл бурулууда.

Азыркы учурда чек арадагы абал тынч.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты