​Жеңиш Молдокматов сурак берип чыкты

  • 3 года мурун

«Замандаш» партиясынын мурдагы, «Туран» партиясынын азыркы төрагасы Жеңиш Молдокматов ИИМдин тергөөчүлөрүнө сурак берип чыкты.


Аны 2020-жылдын октябрь окуяларындагы башаламандыктар боюнча күбө катары чакырышкан.

«Сурак 3,5 саатка созулуп, өткөн жылдын 5-6-октябрындагы иш боюнча болду. Бүгүн дагы кечинде ошол окуялар боюнча көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин тергөө кызматына келем. Тергөө органдарынан объективдүүлүк үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди дагы бул иш боюнча күбө катары суракка алууну суранам. УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге карата иш кылмыш ишин козголушу керек», — деди ал.


Жеңиш Молдокматов акыркы убакыттарда саясий активдүүлүгүн арттырып, учурдагы бийликти катуу сынга алып келген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты