​Мобилдүү клиникалар тууралуу долбоор Атамбаев учурунда кабыл алынган. Фактчекинг

5-май күнү Кыргызстанга жогорку деңгээлде жабдылган мобилдүү клиникалар келди.

Ага улай эле бул долбоорго экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында кол коюлуп, ошонун негизинде ишке ашып жаткандыгы айтылууда.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

2014-жылдын 2-8-декабрларында КРдин ошол мезгилдеги президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бириккен Араб эмираттарына, Сауд Аравиясына жана Катар мамлекеттерине баргандыгы тууралуу президенттин официалдуу баракчасында жазылган.

Иш сапары учурунда Араб өлкөлөрүнүн бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, макулдашуулар жүрүп турган. Ал эми 3-декабрь күнү Ислам өнүгүү банкынын башчысы Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен болгон жолугушуу болуп: “Мекке шаарындагы жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги каралды. Тактап айтканда, тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында жүзөгө ашырылышы үчүн каралып жаткан бир катар жаңы долбоорлорду белгилешти”— деп айтылат маалыматта.

Бул жолугушуунун негизинде 2015-жылдын 18-февралында “Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Келишимди ратификациялоо тууралуу” (“Фаел Хаир” программасынын администратору катары) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимге ылайык, Кыргызстан мобилдүү клиникаларга ээ болмок.

Белгилей кетсек, кечээ келген мобилдүү клиникалар Ислам өнүктүрүү банкынын жана “Фаель Хаир” програмамсынын алкагында келген.

Жыйынтык: Кыргызстанга келген мобилдүү клинкалар тууралуу проект Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда кабыл алынгандыгы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты