​Баткенге жардам: АКШдагы кыргыздар 150 миң доллар чогултту

  • 3 года мурун

АКШдагы кыргыз диаспорасы Баткендеги кыргыз-тажик коогалаңынан жабыр тарткан жарандарга деп 150 миң АКШ долларын чогултканын билдиришти.


АКШдагы мекендештирибиз каражат чогултуу аракети дагы да улантылып жатканын билдиришти.

Талкаланган бир үйдү 25 миң доллардан сала турган болсо, АКШдан келген каражатка 6 кычыраган үйдү салып койсо болот.

Кыргызстанда да бир катар ишкерлер, курулуш компанияларынын кожоюндары 5, 6, 10, 20дан үй куруп беребиз деп, милдеттенме алышууда.

Жөнөкөй ыктыярчылар да четте карап турбай, Баткенди калыбына келтирүү ишин баштап беришти. Жарандык активист Ринат Усупбаев өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу Интернационал айылындагы толук өрттөлүп кеткен үйдүн ордуна жаңы үй курулуп баштаганын жарыя кылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты