​Канат Исаевдин эжеси иштен алынды

  • 3 года мурун

Бактыгул Исаева Токмок аймактык ооруканасынын директору кызматынан бошотулду.


Кызматтан алынышын ал «Январь айынан бери оптимизация иштери жүрүүдө. Оорукана менен Үй бүлөлүк медициналык борборлор бириктирилген. Эки мекемеге азыр бир эле жетекчи болуп, мени кызматтан алышты. Эч кандай сынак өткөрүлгөн эмес» — деп комментарий берген.

Эске сала кетсек, Бактыгүл Исаеваны кызматтан алуу маселеси ушул жылдын январь айында да көтөрүлүп, Токмок аймактык ооруканасынын айрым кызматкерлери аны колдоп митингке да чыгышкан.

11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бактыгүл Исаева «Республика» партиясы менен ат салышкан. Ал Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин бир тууганы.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты