​НДПК:«Бизге каршы буйрук жогору жактан берилген»

  • 3 года мурун

НДПК же Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын штабы партиянын шайлоодон четтетилиши жана алган добуштарынын жокко чыгарылышы тууралуу билдирүү жасады.


«Бизде эч кандай сот адилеттиги жок. Бардык чечим баягыдай эле жогорку жактын көрсөтмөсү менен кабыл алынууда. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына НДПКны шайлоодон четтетүү тууралу команда келгенде эле, жогору жактан буйрук болгонун билгенбиз. Муну шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн көбү мойнуна алышты. Тилекке каршы, бул окуя биздин өлкөдө эч нерсе өзгөрбөгөнүнөн кабар берет» — деп жазылган штабдын билдирүүсүндө.

Ошондой эле НДПК партиясы кол куушуруп туруп бербестигин, дагы деле саясатта кала берээрин жана күздөгү Жогорку Кенештин шайлоосуна даярданаарын жар салышкан.

Эске сала кетсек, БШК 24-апрелдеги жыйында аймактык шайлоо комиссиясынын НДПК партиясынын талапкерлер тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана партияга берилген добуштар менен бюллетендерди жараксыз деп табуу чечимин колдогон.

Кийин бул чечимдерди Бишкек административдик соту менен Жогорку сот күчүндө калтырган.

Партиянын негизги сүрөөнчүсү мурдагы мэр Азиз Суракматов болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты