​Кытай медиалары чек ара чырын нейтралдуу берди. Фактчекинг

28-апрель күнү Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү станциясына тажик тараптан коюлган камерадан улам кыргыз-тажиктер ортосунда чыр чыккан. Бул окуя куралдуу кагылышууга алып келип, натыйжада эки тараптан тең жоготуулар болгон.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Кыргызстандын чек ара заставалары жабыркаган

chinese.aljazeera.net маалымат сайты 29-апрель күнү тынчтык жөнүндө сүйлөшүү болгонуна карабай, 3-апрель күнү тажик тарап ок чыгарганын жазган. Алар “30-күнү Кыргызстандын чек арачылары Тажикстан дагы бир жолу Баткен районундагы чек арага жакын жайгашкан айылдарды минометтер менен аткылашты. Акыркы жаңжалда 3 кыргыз жоокери курман болуп, 22си жаракат алгандыгын тастыкташты”,- деп маалымдашкан.

Ошондой эле алар Россиянын Интерфакс агенттигине шилтеме жасап, эки өлкө 29- апрель күнү ок атышпоо келишимин түзүшкөнү менен, 30- апрель күнү эки өлкөнүн чек арасындагы Баткен аймагында катуу кагылышуулар болгонун белгилешкен.

Кыргызстандын айрым айылдарындагы үйлөргө жана дүкөндөргө зыян келтирилгендигин, ошондой эле Кыргызстандын чек ара заставалары жабыркагандыгын белгиленген.


































Алгач бири-бирине таш ыргытышкан, кийинчерээк куралдуу жаңжалга айланган

www.dw.com ( Deutsche Welle Кытай веб-сайты) Кытайдын эки коңшу өлкөсүндө суу ресурстарына байланыштуу олуттуу аскердик чыр-чатактар болуп жатат деген кабарын жарыялашкан. Жаңылыкта: “Бул чек ара жаңжалынын түпкү себеби чек ара аймагындагы ичүүчү суу ресурстарынын бөлүштүрүлүшүндө жатат. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети кыргыз жоокерлери биринчи кезекте Тажикстандын куралдуу күчтөрүн аткылап жатат деп айыптады. Кыргызстан жогорудагы айыптоолорду четке кагып, Тажикстан чек ара зонасына байкоо жүргүзүүчү камераларды орнотуп, «атайылап» талашты жараткан деп ырастаган. Чыр-чатактын башталышында чек аранын эки тарабындагы тургундар алгач бири-бирине таш ыргытышкан, кийинчерээк армия кийлигишкенде, талаш куралдуу жаңжалга айланган”,- деп жазышкан.

Тажик чек арачылары куралдуу кол салган

www.chinanews.com маалымат сайты: “29-күнү саат 14: 00дө тажик чек арачылары жана атайын багыттагы аскерлер Кыргызстанга курал-жарак, анын ичинде миномет жана ар кандай пулемётторду колдонуп куралдуу кол салган”,- деп жазышкан. Жаңылыкта ошол эле күнү тажик тургундары өтүп бара жаткан кыргыз унааларына мылтык атышканы жана жакын жердеги кыргыз тургундарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргытышканы жөнүндө айтылат. Натыйжада Кыргызстанда 4 адам жаракат алып, алардын бири көзүнө ок жегендигин билдиришкен.

Сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карбай кыргыз айылдарын аткылоо улантылган

China news network маалымат агенттиги сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карбай кыргыз айылдарын аткылоо болуп жатканын жазышкан. “28- апрель түнү жаңжал күчөп, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети эки армия чек ара аймагында бири -бирине ок чыгарышканын кабарлашкан. Ошондой эле кыргыз тарап тажик тарапты пулемёт позициясын курууда деп айыптады”,- деп жарыялашкан. Ошондой эле бул жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын прокуратурасы Тажикстанды “Кыргызстандын эгемендигине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирди” деп айыпташып, кылмыш иши козголгонун кошумчалашкан.

Жыйынтык: Кытай өлкөсүнүн медиасы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу конфликттерди нейтралдуу чагылдырышкан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты