​Тажикстандын Хорог шаарынан Баткенге гуманитардык жардам келгени такталган эмес. Фактчекинг

4-май күнү интернетте Тажикстандын Хорог шаарындагы Памирлик жамаат Баткен аймагына гуманитардык жардам жибергендиги тууралуу маалымат тараган.

“Бул тууралуу шаардын активисти Аслам Шаидо өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялаган”,- деп айтылат маалыматта.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Фейсбук социалдык тармагында чын эле Aslam Shaido аты менен кирген колдонуучу бар. Ал 1-май күнү өз баракчасына жогоруда айтылгандай, Баткенге гумжардам жиберилип жаткандыгы тууралуу пост киргизген.

Өз постуна жогорудагы сүрөттөрдү тиркеп, астына:

“Эки боордош элдин бардык түшүнбөстүктөрүнө, кан төгүүгө жол берген өлкөлөрдүн жогорку жетекчилеринин одоно катасына, жана тилекке каршы, аянычтуу натыйжасына карабастан, Алай-Оштун Памир коомчулугунун атынан Баткен окуясынын курмандыктарына гуманитардык жардам жөнөтүлүп жатат. Бул окуя баарыбызга сабак болот деп үмүттөнөбүз. Франсуа Фенелон айткандай: «Согуш адамзаттын аброюн түшүргөн жамандык». Чогуу жашайлы ”, — деп жазылган.

Бирок бир нече мүнөттөрдөн кийин колдонуучунун баракчасына кайра киргенибизде пост толугу менен өзгөртүлгөн.

Мурунку киргизилген сүрөттөрдүн бирөөсү гана калып, тексттин курамы:

“Пикир келишпестиктердин экскалациясына карабай, эки мамлекеттердин жарандарын фейк жаңылыктарды таратып, кырдаалды курчутпоого чакырабыз. Мунун айынан эки өлкөнүн жай тургундары жабыр тартышы мүмкүн! Тажикстан жана Кыргызстан”,- деп өзгөргөн.

Ал эми гумжардамдын барып-барбагандыгы тууралуу Баткен шаарынын Басма сөз кызматына кайрылганыбызда:

“Баткенге Тажикстандын аймагынан гумжардам келген жок. Бизге да, гуманитардык жардам боюнча комиссиянын төрагасына да бул тууралуу официалдуу маалымат келген эмес”,- деп билдирди.




Жыйынтык: Тажикстандан Баткенге гуманитардык жардам жиберилгендиги тууралуу маалымат такталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты