​Путин менен Рахмон Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалды талкуулашат

  • 3 года мурун

Владимир Путин менен Эмомали Рахмон 8-майда Москвадагы жолугушууда Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы чыр-чатакты талкуулашарын РИА Новостиге Россия лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Тажикстандын Президенти Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына катышат.

29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын аймактарынын жергиликтүү тургундарынын ортосундагы жаңжал аскерлердин куралдуу тирешүүсүнө чейин жеткен. Эки тараптан тең 50гө жакын адам каза болуп, 200дөн ашуун адам жаракат алышты.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты