​ИИМ: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

  • 3 года мурун

Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок.

Каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы эки милиция аймактык пункту менен 707 аскер бөлүгүнүн имаратына зыян келтирилип, компьютерлер, мүлктөр жарактан чыгып, ИИМдин эки автоунаасы талкаланган.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты