Баткен облусу боюнча 40649 жаран эвакуацияланган
- 3 года мурун
Түзүлгөн кырдаалдан улам Баткен облусунун аймагында эвакуация иштери жүргүзүлгөн. Баткен облусу боюнча 40649 жаран эвакуацияланган.
Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылына жайгаштырылган.
Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылды. Жалпы Баткен облусу боюнча 40649 жаран эвакуацияланган.
Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.
Сүрөт: Sputnik Кыргызстан.