Орусиядагы президенттик шайлоо 18-мартка белгиленди

Орусиядагы президенттик шайлоо 18-мартка белгиленди

Орусиянын Федерациялар кеңеши президенттик шайлоону 2018-жылдын 18-мартына дайындады. Мындай чечимди 15-декабрдагы жыйынга катышкан парламенттин жогорку палатасынын бардык 160 мүчөсү колдоду.

Федерациялар кеңешинин токтому 18-декабрда жарыяланат. Ал дароо күчүнө кирип, расмий түрдө президенттик өнөктүк башталат.

Май айында Орусиянын Мамлекеттик Думасы шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Ага ылайык, президенттик шайлоо эмдиги жылы 18-мартка туура келген марттын үчүнчү жекшембисине жылдырган. Буга чейин Орусияда президенттик шайлоо марттын экинчи жекшембисинде өтүп келген. 18-мартта өлкөдө Крымдын Орусияга кошулгандыгы тууралуу келишимге кол коюлгандыгынын жылдыгы белгиленет.

Буга чейин учурдагы мамлекет башчы Владимир Путинден тышкары президенттик шайлоого катышуу ниетин ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский, «Яблоко» партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский, телеалып баруучулар Ксения Собчак менен Екатерина Гордон, ишкер Сергей Полонский, бизнес-акыйкатчы Борис Титов жана оппозициячы Алексей Навальный билдиришкен. Бирок бийлик «Кировлес» иши боюнча айыптоо өкүмү чыгарылгандыктан Навальныйдын шайлоого катышууга укугу жок экенин ырастоодо. Саясатчы буга карабастан өзүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүн улантууда.

«Левада-центр» уюмунун социологдорунун декабрдагы сурамжылоосуна ылайык, 2018-жылдын мартындагы президенттик шайлоого адамдардын катышуусу рекорддук төмөнкү көрсөткүчтө болушу мүмкүн. Сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 58 пайызы гана шайлоо тилкелерине бара тургандыктарын билдиришкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты