​Жарылуу болсо коркпоңуз! Жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жүрүүдө

Жаңылыктар

УКМКнын Чек ара кызматы тараткан маалымат боюнча 2021-жылдын 4-майына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде

абал туруктуу.


Өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар

катталган жок.


Ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматы "Баткен облусунун Баткен районунун Актатыр

айыл башкармалыгынын Орто-Боз жергесинде 2021-жылдын 3-майынан баштап Кыргыз

Республикасынын Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган

снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда.


Ошол себептүү кыргыз-тажик мамлекеттик чек

ара тилкесине канатташ жашаган Баткен облусунун тургундарынан жарылуунун үнүн

укканда дүрбөлөңгө түшпөңүздөр деп өтүнөбүз" - деп эскертти.


Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик

мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө.


Фото интернеттен алынды