​Тажик баскынчылыгынан кийинки Баткенди көрүүгө чет элдик 30 журналист келди

Жаңылыктар

Эл аралык маалымат каражаттарынын журналисттери Баткен облусуна келгенин «Турмуш» маалымат булагы кабарлады.


3 – май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун кесепеттерин чагылдыруу үчүн чет мамлекеттерден 30га жакын журналист келген.


Алар Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан талкаланган, өрттөлгөн турак жайларды кыдырып, жабыркаган эл менен баарлашат. 3 –май күнү алар кооптуу чек ара аймактарынан эвакуацияланган 650 адам убактылуу баш калкалап жаткан Баткен шаарындагы Ленин атындагы мектепке барышкан.


Фото turmush.kg булагынан алынды