​БУУ Баткен облусун калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүгө даяр

  • 3 года мурун

Бүгүн 3 – майда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө Тышкы иштер министри кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы бөлүгүндөгү чыр-чатактуу аймактын учурдагы абалы жөнүндө маалымат берди.

Министр 2021-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин болгон кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында кыргыз тараптан 36 адам каза болгонун, алардын үчөө аскер кызматкерлери, калгандары карапайым адамдар экенин, болжол менен 180 адам жаракат алганын айтып, өтө көп сандагы үйлөр талкаланганын, инфраструктурасы кыйраганын айтты.

«Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы БУУнун жардамына муктаж», — деди Руслан Казакбаев.

БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, өлкө жетекчилигинин маселелерди тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө болгон далалатын кубаттады.

Ошондой эле ал БУУнун агенттиктери Кыргызстандын өтүнүчү боюнча Баткен облусун калыбына келтирүү ишине жардам көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты