НУРБЕК СЫДЫКОВ: Кастыкты козутуу: Жаза кандай болушу керек? (ВИДЕО)

Кылмыш-жаза кодексинин кастыкты козутуу беренелери боюнча өзгөртүүлөр сунушталып, мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. “Медиа Полиси” институтунун юристи НУРБЕК СЫДЫКОВ бул беренелер жаңы мыйзамда кандай болушу керек, сөз эркиндиги, ой-пикирдин эркиндигинин сакталышы, мыйзам долбоорунда ИИМ тарабынан сунушталып жаткан саясий кастыкты козутуу беренеси кандай кесепеттерди алып келип калышы мүмкүн экендигине токтолду.


-Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесине өзгөртүүлөр сунушталууда. Ал өзгөртүүлөр өкмөт тарабынан колдоого алынып, Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Ошону менен бирге жазык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөр кирип жатат. Бул жерде алардын мааниси эмнеде?

Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесине киргизген маселеде экстремисттик уюмду түзүү боюнча берене болуп жатат. Бул жерде диний, расалык, этностук, аймактык кастыкты козутуу катарында экстремисттик уюмду түзсө же аны башкарса деп көрсөтүлгөн болчу. Эми ошонун арасына саясий кастыкты козутуу деп көрсөтүп, саясий кастыкты козутуп, ушул уюмду түзсө дагы кылмыш жоопкерчилигине алынсын деген сунуш болууда.

“Медиа Полиси” институту дагы саясий кастыкты козутуу бул эмне, эмнеден келип чыгат деп карап жатабыз. Түшүндүрмө сөздүктөрдө да саясий кастык деген түшүндүрмө жок. Ушул мыйзам долбоорундагы дагы саясий кастыкты козутуунун түшүндүрмөсү жок болгондугу бизди кабатырландырып жатат.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты