​Каза болгон 34 жарандын 25и «Головнойдогу» минаметтук соккудан көз жумушкан

  • 3 года мурун

29-апрель күнү Тажикстандын куралдуу күчтөрүү минамет, пулемет жана автоматтык жапырт сокку уруу менен Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына кол салышкан.


Кыргыз-тажик жаңжалында кайтыш болгон 34 мекендешибиздин 25и дал ошол минаметтук соккудан мертинишкен. Бул каргаша боюнча ИИМ иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик кандуу кармашы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан тутанган.

Тажикстан бул стратегиялык мааниси зор суу топтоочу жайды талашып, ачык эле Тажикстанга таандык деп жар салышкан.Бирок «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын архивдик документтеринде, атайын берилген паспортунда аталган суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргыз ССРинин Ош облсунун Баткен районунун аймагында 1970-жылы курулганы, эксплуатацияга 1973-жылы берилгени кашкайып жазылып турат.

29-апрелдеги тажик куралдуу күчтөрүнүн кол салуусун атайын даярдыктагы «Шер» отряды майтарган. «Шердин» 10 жоокери 4 саат тынбай жааган окко карабай, «Головнойду» тажиктерге алдырбай, чыныгы каармандыкты көрсөтүп сактап калышкан.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты