​Чек ара кызматы:«Жарандар үйлөрүнө кайта баштады»

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2-майда УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Назаралы уулу Талантбек маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз – тажик чек арасында 1 сутка ичинде эч кандай чыр – чатак, ок атуу катталбаганын айтты.


«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өткөрмө – көзөмөл пункттары эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн убактылуу жабылды. Абал турукташкандан кийин бул маселе толук чечилет» — деди.

Ошондой эле Чек ара кызматынын өкүлү үйлөрүн аргасыз таштай качкан тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын кабарлады.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты