Милиция элдик кошуундар менен бирге ар бир айылды, ар бир үйдү күнү-түнү кайтарууда

  • 3 года мурун

ИИМ министринин орун басары Эркебек Ашыркожоев 2 – май күнү Медиа-штабта маалымат жыйын өткөрүп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал тууралуу айтып берди.


Эркебек Ашыркожоев Баткендеги абалды ИИМ министри жеке көзөмөлгө алып, министрдин тапшырмасы менен биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жеринде көзөмөлдөп жүргөнүн, милиция күчөтүлгөн режимде иш алып барып, жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн баардык аракеттер жасалып, блок-посттор уюштурулуп, эл арасында түшүндүруу иштери жургузулуп жатканын айтты.

«Учурда Бактен облусундагы абал туруктуу. Эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, милиция элдик кошуундар менен бирге ар бир айылды, ар бир үйдү күнү-түнү кайтарууга алууда. Ар бир жабырлануучу жарандын арыз-дооматтарын угуп, келтирилген чыгымдарын кылдаттык менен эсептеп чыгуудабыз. Ошондой эле чыгымдарды эки өлкө ортосунда түзүлгөн комиссия дагы иликтеп, эсептөөдө», — деди.

Ошондой эле курал сурап кайрылган айрым жарандардын талабы боюнча журналисттердин берген суроосуна Эркебек Ашыркожоев «Куралжөн эле берилбейт. Анын өзүнүн тартиби болот. Согуш жарыяланып, жапырт мобилизация жарыялангандан кийин жарандар атайын даярдыктан өтүшөт. Ошондон кийин гана жарандарга курал берилет. Бул бүт дүйнө жүзүндө кабыл алынган тартип» — деди.

Фото: Медиа-штаб

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты