​Эркебек Ашыркожоев: Жарадар болгон 162 адамдын 118ине ок тийген

  • 3 года мурун

2 –май күнү ИИМ министринин орун басары Эркебек Ашыркожоев Медиа-штабта маалымат жыйын өткөрүп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийинки кырдаал, козголгон кылмыш иштери, тергөөнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.


2021 – жылдын 2 –майына карата кыргыз-тажик чек ара чатагынан 162 адам жабыркап, 34 киши кайтыш болду. Жаракат алгандардын 12си чек ара кызматынын жоокерлери, 17 ИИМ кызматкери, калгандары жөнөкөй жарандар болгон.

Жарадар болгондордун 118ине ок тийип, 10нуна таш тийген. 3 жоокер, 31 жөнөкөй жаран октон каза болгон.

ИИМ министринин орун басары Ашыркожоев «Бишкек, Ош шаарларынан, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынан чакыртылган тергөөчүлөрдөн түзүлгөн атайын тергөө тобу Баткен облусуна жөнөп кетишкен. Алар келтирилген чыгымдарды жана башка далилдерди топтоп жүрүшөт. Бүгүнкү учурда «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Адам өлтүрүү» сыяктуу 11 кылмыш иши козголду» — деди.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Фото Медиа -штаб

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты