Тажикстан кыргыз айылдарын авиаракета менен аткылаган

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2-майда, Баткендин Ортобоз айылында үйдүн дубалын тешип өткөн авиациялык ракета табылды. Авиаракета жарылбай калгандыктан ал үйдүн тургундары жабыркаган эмес. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 29-апрелде тажик аскерлери “Ми-24” вертолету менен Баткен районунун Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарына абадан чабуул жасаган.

Учурда окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттарында тирешүү башталгандан тарта каттам токтотулган.

Чек ара кызматы 2-май саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин маалымдады.

Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстандын коргонуу ведомстволорунун биргелешкен комиссиясы Баткен районунун Ак-Сай айылында ишин улантууда.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жарат алгандар-178 киши, каза тапкандардын саны 34 кишиге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты