Баткенде жабыркагандарга Бишкектеги жеке менчик лаборатория жана диагностикалык борборлор бекер жардам берет

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова 2-майда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча Медиа — штабда өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарындагы жеке лабораториялар жана диагностикалык борборлор Баткенде жабыркагандарга бекер жардам берээрин айтты.


«Жабыркагандардын бардыгы мамлекет тарабынан кепилденген медициналык жардамды алат. Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы жеке лабораториялар жана диагностикалык борборлор жардам беришет.

Алар Бишкек шаарына жиберилген, жаракат алган 56 жарандын бардыгына бекер анализ жана томография жүргүзөт», — деди Ализа Солтонбекова.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жарат алгандар-173, каза тапкандардын саны 34 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы каза болгон адам Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы Азазбек Бактияров экенин билдирди.

2-майда эртең менен жалпы жабыркагандардын саны 178 адам, 34 адам каза болгон.

Фото: Медиа-штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты